Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.
Жакырчылыктан чыгуу үчүн колдоо
Программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда.
Долбоорду ишке ашыруу багыттары
Түзүлгөн социалдык контракттар төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Эң көп айыл чарба тармагы 9373 долбоор;
- Кызмат көрсөтүү тармагында — 1112 долбоор;
- Өндүрүштө — 925;
- Соода тармагында — 727 долбоор ишке ашырылууда.
Катышуучулардын көбү - аялдар
Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025- жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт.

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться