Кепилдиктердин эң көп бөлүгү айыл чарба тармагына багыттылды - 681 кепилдик же 62%. Ошондой эле соода (15%), транспорт (11%), кызмат көрсөтүү (4%) жана өнөр жай (2%) тармактарына кепилдиктер берилди.
Кепилдиктердин көлөмү боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы алдыңкы орунда турат - жалпы көлөмдүн 33%.
2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусу «Кепилдик фонд» ААК тарабынан берилген кепилдиктердин көлөмү боюнча алдыңкы орунда турат. Аталган аймактагы кепилдиктердин суммасы 1,12 миллиард сомду түзүп, жалпы көлөмдүн 46 %ын ээледи. Экинчи орунда - Талас облусу (142,9 миллион сом же 6%), үчүнчү орунда - Ош облусу (112,2 миллион сом же 5%).
Андан ары. Ысык-Көл облусу - 108,8 миллион сом (4,1%), Жалал-Абад облусу - 91,8 миллион сомду (3,9%) түздү. Нарын облусунда - 54,3 миллион сом (2%), Баткен облусунда - 53,3 миллион сом (2%), Ош шаарында - 104,2 миллион сом (4%).
«Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиктик колдоосу өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ишкерлерге финансылык ресурстарга жетүүгө жана регионалдык экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатканын көрсөтөт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.