Ozon сатуучулар үчүн тарифтерди көтөрдү

Ozon маркетплейси сатуучулар үчүн кызмат акылары жогорулай турганын жарыялады. Жаңыртылган шарттар кийим-кече жана үй буюмдарын камтыган категориялардын кеңири спектрин камтыйт.

Ozon сатуучулар үчүн тарифтерди көтөрдү
Сүрөт: Интернеттен алынды

Компаниянын маалыматы боюнча, Ozon кампаларында сатылуучу чарбалык товарлардын тарифи 7-октябрдан баштап 1%га, мода категориясы үчүн 5,5%га көтөрүлөт. Ошентип 15-октябрдан тарта тарифтер сентябрдын аягына салыштырмалуу орточо 8%га жогорулайт.

Ошондой эле сатуучулардын өз кампаларынан сатуу шарттары да өзгөрөт: бардык категориялар боюнча тарифтер 4–4,5%га жогорулайт. Арзан товарларга гана тагыраагы баасы 300 рублга чейин болгон буюмдарга гана жогорулабайт.

Айрым категориялар үчүн акысыз  жайгаштыруу мөөнөтү узартылды: 1-октябрдан 31-октябрга чейин сактоо кампаларына келсе, токуу, балдар искусствосу, оюнчуктар, үстөл оюндары жана билим берүүчү оюндар үчүн 150 күнгө (120 күндүн ордуна) акы алынбайт.

Компания тарифтерге киргизилген өзгөчөлүктөр инфраструктураны жана тейлөөнү жогорку сапатта кармап туруу үчүн зарыл экенин түшүндүрдү. Бирок, көпчүлүк чекене сатуучулар үчүн бул чыгымдардын көбөйүшүн жана алардын баа саясатын кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.