Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.67 / 99.66
Курс RUB 1.042 / 1.081
Курс KZT 0.116 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.67 / 99.66
RUB RUB
1.042 / 1.081
KZT KZT
0.116 / 0.187

Салык кызматынын башчысы: Ишкерликти жеңилдетүү үчүн патент кайтарылды

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Таласта облустун тургундары жана ишкерлери менен жолугушту.
Салык кызматынын башчысы: Ишкерликти  жеңилдетүү үчүн патент кайтарылды

Ведомстводон билдиришкендей, диалогдун негизги темасы салык тармагындагы акыркы өзгөртүүлөр жана бизнести колдоо чаралары болду.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы жакында кол коюлган КРнын президентинин «Ишкердик субъекттерин колдоо жана жана салыктык башкарууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын жоболорун түшүндүрдү. Анда соода менен алектенген ишканалар үчүн патенттик салык салуу системасын кайтарууга өзгөчө көңүл бурулду.

«Соодага патентти кайтаруу чечими туура болгондугуна дагы бир жолу ынандык. Бул президенттин тапшырмасы менен ишкерлердин ишин жеңилдетүү жана салыктык милдеттенмелерди жөнөкөйлөтүү үчүн жасалды», - деп белгиледи Шыкмаматов.

Ал белгилегендей, мамлекет түшүнүктүү жана так салык чөйрөсүн түзүүгө кызыкдар, ошондуктан кичи жана орто бизнеске багытталган салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмдери иштелип жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер салык отчетторун берүү, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, электрондук эсеп-фактураларды жана салыктык башкаруунун башка аспектилери менен таанышып, салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышты.

Салык кызматынын төрагасы санкцияларды болтурбоо үчүн салык милдеттенмелерин абийирдүү аткаруу зарылдыгын эскертти.

Мамлекеттик салык кызматы аймактарда түшүндүрүү иштерин жана ачык-айкын салык саясатын калыптандыруу үчүн бизнес-коомчулук менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантат.


Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.