УАМ согуштун жана «ооган» ардагерлерине төлөнүүчү төлөмдөр 10 миң сомго чейин көбөйөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги долбоорду коомдук талкууга койду. Демилге КРнын президентинин 18-апрелдеги жарлыгына ылайык ишке ашырылып, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун ардагерлерин, майыптарын жана катышуучуларын социалдык жактан коргоону күчөтүүгө багытталган.
Долбоорго ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта төмөнкү категориялар боюнча компенсациянын өлчөмү көбөйтүлдү:
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына
- 7 миң сом болчу;
- 10 миң сом болот.
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына
- 7 миң сом болчу;
- 10 миң сом болот.
Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары
- 7 миң сом болчу;
- 10 миң сом болот.
«Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы жана/же «Блокададагы Ленинграддын тургуну» төш белгиси менен сыйланган адамдар
- 7 миң сом болчу;
- 10 миң сом болот.
Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерде жарадар болгон майып аскер кызматчылары
- 7 миң сом болчу;
- 10 миң сом болот.
СССРди коргоо учурунда же аскердик милдетин аткарып жаткан учурда майып болуп калган аскер кызматчылары
- 7 миң сом болчу;
- 10 миң сом болот.
Башка мамлекеттердин аймагындагы согушка катышкандар
- 6 миң сом болчу;
- 8 миң сом болот.
Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепетинен майып болуп калгандар жана оорудан жапа чеккендер
- 7 миң сом болчу;
- 10 миң сом болот.
Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепетин жоюучулар (1986-1987-ж)
- 2,5 миң сом болчу;
- 3,5 миң сом болду.
Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепетин жоюучулар (1988-1989-ж)
- 1 миң сом болчу;
- 2 миң сом болот.
Чернобыль кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөлөрү, радиация оорусунан каза болгондор жана майыптар
- 1 миң сом болчу;
- 1,5 миң болот.
Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандардын балдары (18 жашка чейинки)
- 1 миң сом болчу;
- 1,5 миң болот.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү
- 1 миң сом болчу;
- 1,5 миң болот.
Кызмат учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү
- 1 миң сом болчу;
- 1,5 миң болот.
Улуу Ата Мекендик согуштун курман болгон майыптарынын жесирлери (жесир аялдары) башка никеге турбагандар
- 1 миң сом болчу;
- 1,5 миң болот.
УАМ согуштун каза болгон катышуучуларынын жесирлери (жесир аялдар) башка никеге турбаган
- 1 миң сом болчу;
- 1,5 миң болот.
Өлкө башчынын жарлыгы, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргенден баштап өткөн жыл үчүн кайра эсептөө жүргүзүлөт.
Төлөмдөрдүн көбөйүшү маанилүү даталарга: Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына, Ооган согушунун аяктаганынын 35 жылдыгына жана ЧАЭСиндеги авариянын 40 жылдыгына байланыштуу болот.
Тиешелүү документте белгиленгендей, 2025-жылга республикалык бюджетте 188,1 миллион сом өлчөмүндө кошумча каржылоо каралган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.