Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиясы 7%га көтөрүлөт
Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев октябрь айынан тарта пенсияны жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.

Алиев пенсиянын жогорулашы пенсионерлердин бардык категорияларына тиешелүү экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, ал пенсияны көтөрүүдө Соцфонд өткөн жылдагы орточо айлыкты жана инфляцияны алып, бул сумманы эки эсеге көбөйтүп, пенсиянын жогорулашынын пайызы эсептеле турганын айтты.
«Быйыл бюджет 1,2 миллиард сомго тагыраагы 7%га өскөн. Биринчи жарым жылдыкта камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү да эске алынат. Азырынча акча жакшы түшүп жатат. Кудай буюрса, 1-октябрдан тарта 7%дан көбүрөөк көтөрөбүз», - деп билдирди Алиев.
Социалдык фонддун жетекчиси өткөн жылы өлкөдө пенсиянын өлчөмү жашоо минимумуна барабар болгонун баса белгиледи.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.