Курс USD 87.24 / 87.72
Курс EUR 101.29 / 102.29
Курс RUB 1.088 / 1.116
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.24 / 87.72
EUR EUR
101.29 / 102.29
RUB RUB
1.088 / 1.116
KZT KZT
0.140 / 0.174

Кыргызстанда бизнес активдүүлүгүнүн индекси Казакстан, Россия, АКШ, Германия жана Сингапурга караганда жогору

Кыргызстанда бизнес активдүүлүгүнүн индексин (PMI, Purchasing Managers’ Index) изилдөө экинчи жолу жүргүзүлдү. Бул реалдуу убакыт режиминде экономиканын абалын жана динамикасын чагылдырган маанилүү экономикалык көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.
Кыргызстанда бизнес активдүүлүгүнүн индекси Казакстан, Россия, АКШ, Германия жана Сингапурга караганда жогору

Изилдөө «Кепилдик фонд» ААКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2025-жылдын 17-мартынан 14-апрелине чейин жүргүзүлгөн.

Изилдөөгө экономиканын дээрлик бардык тармактарында иштеген өлкөнүн 969 компаниясынын өкүлдөрү катышты. Изилдөөгө катышкандардын негизги бөлүгүн республикадагы чакан бизнестин өкүлдөрү - 66%, орто бизнес - 27% жана ири бизнестин өкүлдөрү - 7% түздү.

Изилдөөнүн географиясы: 81,7% өлкөнүн аймактарынын өкүлдөрү, ал эми 18,3% Бишкек жана Ош шаарларынын ишкерлери. Тармактар боюнча: айыл чарба тармагында иштеген ишкерлер - 35%, соода - 29%, кызмат көрсөтүү - 18%, өнөр жай - 9%, транспорт жана курулуш - 5% жана 4%.

Изилдөө PMIдын алты негизги компонентин камтыйт:

  • жаңы буйрутмалар;
  • өндүрүш;
  • иш менен камсыз кылуу;
  • жеткирүү;
  • запастар (кампадагы товарлар);
  • финансылар.

Бул компоненттердин ар бири өзүнчө талданат, андан кийин салмактык факторлорду эске алуу менен жалпы индекске бириктирилет. Алынган маалыматтар Кыргызстандын экономикасындагы учурдагы кырдаалдын реалдуу абалын берүү менен ишкердик жигердүүлүктүн индексин эсептөө үчүн негиз түздү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ишкердик жигердүүлүк индексинин мааниси 60,9 түздү, бул анын өлкөдөгү жогорку деңгээлин көрсөтүп турат, анткени иш жүзүндө бул көрсөткүчтүн 50дөн жогору болушу жигердүүлүктүн жогорулагандыгын, 50дөн төмөн болсо – төмөндөшүн көрсөтөт.

Көрсөткүч - 60,9 Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнүн айкын ырастоосу жана Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин туура экономикалык жана инвестициялык саясатынын далили.

Эске салсак, ишкердик активдүүлүк индексинин биринчи изилдөөсү «Кепилдик фонду» ААК тарабынан 2024-жылдын октябрында жүргүзүлгөн.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.