Үрөнчүлүк жана асыл тукум малга жеңилдетилген 115 млн сом насыя берилди

Кыргызстанда мамлекеттик ири долбоорлорду ишке ашыруу кызуу жүрүүдө. Анда «асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» жана «үрөнчүлүктү, питомниктерди өнүктүрүү» жаңы долбоорунун алкагында 113 миллион сомго жана 1,5 миллион сомго жеңилдетилген кредиттер берилди.

Үрөнчүлүк жана асыл тукум малга жеңилдетилген 115 млн сом насыя берилди
Сүрөт: Каржы министрлиги

Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги билдирди. 

Азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-мартындагы «Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн суммасы 1 млрд 849 млн сомду түзөт.

2025-жылдын 21-августуна карата бул долбоордун алкагында республика боюнча 32 каржылоо субъекттерине жалпы суммасы 113,38 млн сом жеңилдетилген кредит берилген.

Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомниктерди андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңыртууну өз убагында жүргүзүү максатында, КРнын Министрлер  Кабинетинин  2025-жылдын  26-майындагы «Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү» долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору катышууда, алардын кредиттөөнүн суммасы 100 млн сомду түзөт.          

2025-жылдын 21-августуна карата бул долбоордун алкагында республика боюнча бир каржылоо субъектине 1,5 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.