Курс USD 87.33 / 87.79
Курс EUR 102.23 / 103.23
Курс RUB 1.100 / 1.128
Курс KZT 0.141 / 0.181
USD USD
87.33 / 87.79
EUR EUR
102.23 / 103.23
RUB RUB
1.100 / 1.128
KZT KZT
0.141 / 0.181

АЧК-13 долбоору боюнча 3,5 млрд сом жеңилдетилген насыялар каржыланды

«АЧК-13» долбоорунун катышуучулары «Айыл Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААКсы болуп саналат. Долбоор фермерлерге жана ишкерлерге жеңилдетилген пайыздык чендер менен мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
АЧК-13 долбоору боюнча 3,5 млрд сом жеңилдетилген насыялар каржыланды

Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

2025-жылдын 26-июнуна карата «Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоорунун алкагында республиканын 5 миң 662 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 522,11 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Анын ичинде: 

  • «Мал  чарбачылык»  тармагы  боюнча  2 млрд 869,61  млн сом  суммасында 4 миң 665 субъектти түзөт;
  • «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 429,81 млн. сом суммасында 877 субъектти түзөт; 
  • «Сууну үнөмдөөчү технологиялар» тармагы боюнча 16 млн сом суммасында 21 субъектти түзөт;
  • «Лизинг» тармагы боюнча 206, 59 млн сом суммасында 99 субъектти түзөт. 

Эске салсак, 2024-жылдын аягына чейин «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 4,8 миллиард сом жеңилдетилген насыялар берилген.

Banks.kg порталы буга чейин Кыргызстандын кайсы коммерциялык банктары фермерлерге тармакты өнүктүрүүгө багытталган адистештирилген кредиттик продуктыларды сунуштап жатканы тууралуу билдирген.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.