1-июлдан баштап салыктарды QR-код жана төлөм коду аркылуу төлөөгө мүмкүн
18-июнда Мамлекеттик салык кызматы менен коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жумушчу жолугушууга салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов катышты.
Маалыматка караганда, жолугушуунун негизги темасы 2025-жылдын 1-июлунан тартып, банктардын кассалары аркылуу салыктарды, салык органдары тарабынан башкарылган салыктык эмес төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү QR-код аркылуу жүргүзүү механизмине өтүү болду.
Жаңы механизмдин артыкчылыктары:
- Салык төлөөчүнүн төлөгөн каражаттары онлайн режиминде бюджетке түшөт;
- Банк кассасында төлөм документтери, реквизиттерди толтурууда кол менен толтуруу кетчү каталар жоюлат;
- Салык төлөөчүлөргө банк кассаларындагы узун кезектерди жоёт, убакытты үнөмдөйт.
Салык төлөөчү төлөм кодун же QR-кодду төмөнкү жолдор менен түзө алат:
- Салык төлөөчүнүн кабинетинде же мобилдик тиркеме аркылуу өз алдынча («Салыктарды төлөө» башкы бетинде);
- Бирдиктүү терезелерде (Ишкерлерди тейлөө борборлорунда, аймактык Салык кызматтарында).
Салык кызматы аталган жаңы өзгөрүүлөр салыктарды төлөө жана ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилип жатканын баса белгиледи.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.