Курс USD 88.62 / 89.45
Курс EUR 94.65 / 95.63
Курс RUB 0.944 / 0.970
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.62 / 89.45
EUR EUR
94.65 / 95.63
RUB RUB
0.944 / 0.970
KZT KZT
0.137 / 0.206

Жалган электрондук каттарды жөнөткөн шылуундардан кантип коргонуу керек?

Бүгүнкү күндө интернет айдыңында фишинг-алдамчылыктын түрлөрү көп, алардын кеңири таралгандарынын бири почтага келген жалган билдирүүлөр болуп саналат. Фишинг - колдонуучунун аты, сыр сөзү, банктык эсеби ж.б. ушул сыяктуу жеке маалыматтарын уурдоого багытталган интернет-алдамчылыктын түрү. Шылуундар муну менен криптовалютаны сатып жаткан колдонуучуларды төлөмдү алганга чейин криптовалютаны которууга үндөп, алдашат.
Жалган электрондук каттарды жөнөткөн шылуундардан кантип коргонуу керек?

Бул макалада Binance шылуундардан кантип сактануу керек жана жеке маалыматтарды кантип коргоо керектигин баяндайт. 

Жалган электрондук каттардын жардамы менен жасалган алдамчылыктын түрлөрү

Криптовалютаны которуу 

Алдамчылар криптовалюта үчүн төлөнгөн акча Binance эскроу-кызматында экенин айтып, криптовалютаны которууга көндүрүп, сатуучуну алдаганга аракет кылышат. Алар эскроу-кызматында акча бар экендигин тастыктаган жасалма кат жөнөтүп, монеталарды (тыйындарды) которбосоңуз, колдонуучу эсебиңизди (аккаунтуңузду) кара тизмеге (блокко салуу, заблокировать) салабыз деп коркутушат. Мындай шылуундук чабуулдарды аныктоо үчүн электрондук каттагы грамматикалык каталарга, жөнөтүүчүлөрдүн шектүү электрондук даректерине, шашылыш түрдө которуу өтүнүчүнө жана электрондук каттагы криптовалюта которулгандан кийин сөзсүз акчасын төлөймүн деген убадаларга кылдат маани беришиңиз керек. 

Жалган электрондук каттар (жөнөтмөлөр, жиберүүлөр)

Азгырык, шашылыш же коркутуу сөздөрү көбүнчө алуучуну дароо чара көрүүгө жана кызыгуу, ач көздүк же коркуу сезимдерин билдирүү үчүн колдонулат. Фишингдик каттар (жиберүүлөр) жабырлануучуну жасалма (алдамчы) веб-сайтка багыттаган шилтемени басууга түртүшөт (үндөшөт, үгүттөшөт). Мындай сайттар расмий сайтка окшош болушу мүмкүн. Шилтемени баскандан кийин колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын жазса, алдамчы аларды уурдайт. Шилтемени басып сайтка кирген соң колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын бөлүшкөнгө аргасыз калат да, анан алдамчыда аларды уурдоого мүмкүнчүлүк жаралат. Эгер сиз алган билдирүүлөрдөгү/электрондук каттардагы грамматикалык жана орфографиялык каталарга, жана ошондой эле шектүү жөнөтүүчү даректерге (мисалы, @binance.com расмий доменинин ордуна @gmail.com) көңүл бурсаңыз, мунун алдын алууга болот. Алдамчылардын тузагына илинбейсиз. Эч качан «зыянсыз» деген ой менен  антифишинг коду жок жасалма сайттардын шилтемелерин баспаңыз. Ошондой эле, сизге зыянсыз көрүнгөн, бирок кызыктай же жасалма жана  антифишинг коду жок каттары болгон сайттардын шилтемелерин эч качан баспаңыз. 

Төлөмдүн кечеңдеши 

Колдонуучу техникалык көйгөйлөрдөн улам төлөм кечигип жаткандыгы тууралуу электрондук кат алат жана алдамчылар 48 сааттын ичинде каражаттар жабырлануучуга келерине кепилдик берет. Бул учурда сатып алуучу (фишинг-алдамчы) сатуучудан криптавалютаны жөнөтүүнү суранат, бирок чындыгында сатуучуга төлөм жөнөтүлгөн эмес болот. Мындай учурларда, кибер чабуулдун бул түрү үчүн электрондук почтаны текшерүү, кабыл алынган билдирүүлөрдөгү/электрондук каттардагы грамматикалык жана орфографиялык каталарга, жөнөтүүчүлөрдүн шектүү электрондук даректерине (мисалы, @binancep2p.trade.com), криптовалютаны тез арада которуу өтүнүчтөрүнө жана сайттын жыштыгын (тыгынын) же башка мүмкүн болгон кечигүү жөнүндө сатып алуучуга эскертүүлөргө көңүл буруу керек.

Кардарларды жалган колдоо кызматы алдамчылыгы 

Алдамчылар өздөрүн Binance компаниясынын кардарларды колдоо кызматкерлери катары тааныштырат. Колдонуучуларга алардын түзмөгүндө (устройство) көйгөйлөр бар экенин айтып, жардамдарын сунушташат. Шылуундар өз максатына жетиш үчүн жашыруун (купуя) маалыматты же узактан туруп башкарууну сурашы мүмкүн. Сунушталган кеңеш жана техникалык колдоо жардамын, түзмөккө алыстан кирүү өтүнүчтөрүн же адаттан тыш төлөм ыкмаларын колдонуу менен колдоо үчүн төлөө өтүнүчтөрүн кабыл албаңыз.

Зыяндуу файлдар аркылуу кылынган шылуундук

Ниети бузуку шылуундар түзмөгүңүзгө зыяндуу жана шектүү программаларды же вирустарды жугуза турган PDF же текст файлдарын камтыган жалган/жасалма электрондук каттарды жөнөтүшү мүмкүн. Чабуулдун бул түрүндө күтүлбөгөн же талап кылынбаган тиркемелер жөнөтүлүп, адаттан тыш жана жөнөтүлгөн катка байланышы жок файл аталыштары жазылып, шектүү же коркунучтуу файл кеңейтүүлөрүн (мисалы, .exe, .js, .vbs) камтышы мүмкүн.

Жалган электрондук кат жөнөткөн шылуундардын торуна кантип илинбөө керек?

  • Кыраакы болуңуз жана мындай коркунучтуу абалда ички туюмуңузга (интуиция) ишениңиз:
  • Жөнөтүүчүнүн дарегин жана сиз кирген интернет сайттардын аныктыгын кылдат текшериңиз.
  • Эгер келген электрондук катка шектенсеңиз, Binance колдоо кызматына кайрылыңыз же фишинг электрондук каттарын таануу боюнча биздин нускама документ менен таанышыңыз. Жеке маалыматыңызды (логин, пароль) электрондук почта аркылуу же бейтааныш сайттарга жазып, бөлүшпөңүз.
  • Жаңы зыянга учуратуучу программалардан коргонуу үчүн үзгүлтүксүз түрдө түзмөгүңүздү (устройство) жана программалык камсыздоону жаңылап туруңуз. 
  • P2P транзакцияларын жүргүзүүдө фиат акча алганга чейин криптовалютаны которбоңуз. Төлөм боюнча көйгөйлөр болсо, тиешелүү жактарга (Binance компаниясына кайрыласыз) даттаныңыз (апелляция жазыңыз). 
  • Binance P2P фиат төлөмдөрүн иштетпейт же фиат валюталарын эскроу-кызматында сактабайт.
  • Binance аккаунтуңуздагы антифишингдик кодду активация кылыңыз.  

«Жасалма жана жалган электрондук каттар абдан ынандырарлык болушу мүмкүн. Бирок, алдамчылардын тактикасын (кадамдарын) билсеңиз, өзүңүздү жана мүлкүңүздү жакшыраак коргой аласыз. Кыраакы болуңуз. Сизге келген жасалма (жалган) электрондук каттардагы ар кандай көрсөтмөлөрдү аткаруудан мурун ар дайым кырдаалды талдаңыз!», - деп белгилешти Binance компаниясынан. 

#gmwkyrgyzstan2024