Курс USD 87.04 / 87.54
Курс EUR 100.64 / 101.64
Курс RUB 1.098 / 1.127
Курс KZT 0.139 / 0.182
USD USD
87.04 / 87.54
EUR EUR
100.64 / 101.64
RUB RUB
1.098 / 1.127
KZT KZT
0.139 / 0.182

Акча которуулардын аймактык рейтинги: лидерликте - Кыргызстандын түштүгү жана борбор калаа

2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга жалпы суммасы дээрлик 68 миллиард сомду түзгөн 2,8 миллиондон ашуун акча которуулары келип түшкөн. Акча которууларынын эң көп бөлүгү Бишкекке жана Ош облусуна туура келет.
Акча которуулардын аймактык рейтинги: лидерликте - Кыргызстандын түштүгү жана борбор калаа

Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылат.

Чыгуучу акча которууларынын көлөмү 117,3 миң транзакцияны түзүп, алардын жалпы суммасы 11 миллиард 331 миллион сом болду.

Акча которуулары боюнча лидер — Бишкек шаары болду, бул жерге 977,3 миң транзакция менен 22,95 миллиард сом келип түшкөн.

Андан кийинки орундарда:

  • Ош облусу — 805,9 миң которуу, 19,53 миллиард сом;
  • Жалал-Абад облусу — 538,6 миң которуу, 12,2 миллиард сом;
  • Чүй облусу — 109,1 миң которуу, 3 миллиард сом;
  • Ысык-Көл облусу — 90,4 миң которуу, 2,39 миллиард сом;
  • Баткен облусу — 71,8 миң которуу, 6,3 миллиард сом;
  • Талас облусу — 15,3 миң которуу, 1,1 миллиард сом;
  • Нарын облусу — 12,1 миң которуу, 314,8 миллион сом.

Аймактар боюнча алганда, борбор калаа менен өлкөнүн түштүк бөлүгү транзакциялардын саны жана көлөмү боюнча дагы деле башкы орунда турат. Бул калктын жыш жайгашуусу жана миграцияга негизделген экономика менен байланыштуу болуп саналат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.