Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаттары болуп виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногунун туруктуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу саналат.
Мыйзамда «стейблкоин (stablecoin)» түшүнүгүнүн аныктамасы такталып,
ошондой эле төмөнкү түшүнүктөрдүн аныктамалары менен толукталат:
- «реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token - RWA Token)»;
- «мамлекеттик майнинг»;
- «мамлекеттик криптовалюта резерви».
Мыйзамда виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Кыргызстандын президенти белгилүү бир мөөнөткө өлкөнүн айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу экендиги каралган.
Ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон максаттарга жана иштин түрлөрүнө ылайык атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензиялоону жана уруксат берүүчү документтерди берүүнү жүзөгө ашырары белгиленген.
Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга лицензия берүү тууралуу арыз менен кайрылат.
Мындан тышкары мыйзамда майнингди жүзөгө ашырып жаткан жактар ушул мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү экендиги тууралуу ченем каралган. Каттоодон өткөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар сертификат алган күндөн тартып майнингди жүзөгө ашырууга укуктуу.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.