Текшерүүгө келиштиби? Прокуратура тез арада арызданууга чакырат

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ушул жылдын аягына чейин ишкерлерге пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизилгенин эскертип, алардын укуктарын тушүндүрдү.

Текшерүүгө келиштиби? Прокуратура тез арада арызданууга чакырат

Маалыматка ылайык, президенттин 2026-жылдын 28-январындагы 18 сандуу «Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартиптеги ишкердик субъекттерине карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бул бизнеске карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө тыюу салынарын билдирет жана кызмат адамдары мыйзамда каралган өзгөчө учурлардан тышкары мындай текшерүүлөрдү демилгелөөгө укуксуз, мораторийдин шарттарын бузган ар кандай  иш-аракеттер прокурорлук текшерүүгө алынат. Эгерде мораторий күчүндө турган мезгилде пландан тышкаркы салыктык текшерүү менен келишсе, ишкерлер прокуратура органдарына кайрылууга укуктуу.

Ишкерлердин негизги укуктары 

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, Конституция экономикалык ишмердүүлүктүн эркиндигин жана инвестициялардын корголушун кепилдейт.

Мындан тышкары: 

  • текшерүүлөр мыйзамдуу негиздер болгондо гана, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жана белгиленген тартипти сактоо менен жүргүзүлөт;
  • мамлекеттик органдар лицензияларды жана уруксаттарды өз убагында берүүгө милдеттүү;
  • кызмат адамдарына мыйзамсыз сый акы талап кылууга, административдик тоскоолдуктарды жаратууга, мыйзамдуу негиздерсиз иш козгоо менен коркутууга тыюу салынат.

Укуктар бузулган учурда каякка кайрылуу керек

Мыйзамсыз текшерүүлөр же кысымдар болгон учурда ишкерлерге төмөнкүлөр сунушталат:

1. Бузууну каттаңыз (текшерүү жүргүзгөн кызматкерлердин документтерин, кызматтык күбөлүктөрүн, жолдомосун, аудио- жана видеоматериалдарды сактап калыңыз).

2. Прокуратура органдарына кайрылыңыз

  • ишеним телефону аркылуу;
  • «бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси аркылуу; 
  • расмий сайт аркылуу;
  • бизнесиңиз жайгашкан жердеги прокуратурага кайрылыңыз.

Арызда аты-жөнүңүз жана байланыш маалыматтарыңыз, орган жана кызмат адамынын аталышы, укук бузуунун маңызы, окуянын датасы жана жери, талаптарыңызды так жазыңыз

Бизнеске кысым көрсөтүүдөгү жоопкерчилик 

Ишкердикке мыйзамсыз кийлигишкендер үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчилик каралган:

  • Кылмыш-жаза кодексинин 338-1-беренеси — мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук кылуу мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.
  • Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси — мыйзамсыз текшерүүлөр жана кысым көрсөтүү кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Башкы прокуратура мораторий бизнести коргоонун реалдуу механизми экенин баса белгилейт жана анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.