Орусиянын Каржы министрлиги мигранттар үчүн жаңы мамлекеттик алымдарды киргизүүнү сунуштоодо

Бул тууралуу Орусиянын Финансы министрлигинин демилгесине таянып, «Известия» басылмасы кабарлады.
Аталган маселе 30-июнда мыйзам чыгаруу иштери боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынында каралды. Документ тиешелүү ведомстволор менен дароо макулдашылган.
Ага ылайык төмөнкү мамлекеттик алымдар каралган:
- Жашаган жер боюнча каттоого туруу үчүн мигранттар 500 рубль төлөөгө аргасыз болушат (учурда акысыз);
- Убактылуу жашоонун мөөнөтүн узартуу үчүн — 1000 рубль;
- Эмгекке уруксат берүү үчүн — 4200 рубль;
- Патентти берүү же кайра тариздөө үчүн — 4200 рубль (мурун алым алынчу эмес);
- Документтердин көчүрмөлөрүн берүү же аларга өзгөртүү киргизүү үчүн — 2100 рубль;
- Туруктуу жашаган дарек боюнча каттоо үчүн мамлекеттик алым 420 рублден 1000 рублге чейин жогорулайт.
Демилгечилер белгилегендей, патент иш жүзүндө эмгекке уруксат документине барабар болгондуктан, анын тартиби да Орусиянын жарандары үчүн колдонулган юридикалык процедураларга окшош болушу керек.
1-июлдан тарта Орусияда мигранттар үчүн бир катар жаңы талаптар ишке кирет: байланыш дүкөндөрүндө өздүгүн тактоо, мобилдик аппараттардын IMEI коддорун, биометрикалык маалыматтарды берүү жана SIM-карталардын саны 10дон ашса, керексиз байланыш келишимдерин бузуу. Бул шарттар аткарылганда гана чет өлкөлүк жарандар уюлдук байланышты пайдалана алышат.
Жогорудагы шарттар аткарылмайынча чет элдик жарандарга Орусиянын мобилдик байланыш кызматтарын пайдаланууга уруксат берилбейт.
Ошондой эле, Орусияда 90 күндөн ашык жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө дактилоскопиядан өткөндүгү тууралуу маалыматтар федералдык калктык реестрге киргизилет.
Эске салсак, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Орусияга кирүү жана чыгуунун жаңы эрежелерин сыноо боюнча эксперименттин экинчи этабы 2025-жылдын 30-июнунда башталды. Жаңы эрежелерге ылайык, Орусияга визасыз негизде кирген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары пландалган чек арадан өтүүгө 72 сааттан кечиктирбестен RuID мобилдик тиркемесинде катталышы керек.
RuIDде каттоо чет өлкөлүк жарандын санарип профилин түзүү үчүн да зарыл, бул аларга келечекте электрондук форматта мамлекеттик жана башка кызматтарды, анын ичинде каттоону, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин жана Орусиянын SIM-картасын сатып алууга мүмкүндүк берет.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.