«Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек. Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун жана башка документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз», - деп билдирди өлкө башчы.
Президент белгилегендей, акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификат да бар.

«Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз», - деп кошумчалады президент.
Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болору айтылды.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.