Эң бай жана эң аз: Кыргызстандагы тармактар боюнча айлык маяна
Кыргызстанда ушул жылдын январь-февраль айларына карата орточо эмгек акы 39 миң 456 сомду түзгөнү маалым болду. Мындан улам Banks.kg кайсы кесиптин ээлери көп табарын иликтеди.

Айлык акы тууралуу бул маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте өткөн брифингде билдирген.
ТОП 5 эң көп төлөнүүчү тармактар (2025-жылдын январь айына карата маалыматтар)
- Маалымат жана байланыш — 79 миң 205 сом;
- Тоо-кен тармагы — 73 миң 266 сом;
- Каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 68 миң 725 сом;
- Өнөр-жай тармагын иштеткендер — 61миң 550 сом;
- Кыймылсз мүлктөр менен иш алып баргандар — 51 миң 737 сом.
Эмгек акынын кескин өсүшү (жылдан жылга)
- Маалымат жана байланыш: +39,0%;
- Кыймылсз мүлктөр менен иш алып баргандар: +30,2%;
- Административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк: +27,9%;
- Каржылык сектор: +24,7%;
- Тоо-кен өнөр жайы: +22,7%.
Эң аз эмгек акы алган тармактар
- Маданият, көңүл ачуучу жана эс алуу тармагы — 25 миң 93 сом;
- Айыл чарба, токой жана балык чарбасы — 26 миң 857 сом;
- Билим берүү — 27 миң 19 сом;
- Мейманкана жана тойканаларда иштегендер — 34 миң 551 сом;
- Социалдык тейлөө жана саламатттыкты сактоо — 33 миң 44 сом.
Январь айында эң жогорку жана эң төмөнкү айлык акынын ортосундагы айырма 3 эседен ашты, бул тармак боюнча кирешелердин деңгээлиндеги терең дифференциацияны чагылдырат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.