Курс USD 87.33 / 87.80
Курс EUR 102.55 / 103.55
Курс RUB 1.102 / 1.128
Курс KZT 0.141 / 0.181
USD USD
87.33 / 87.80
EUR EUR
102.55 / 103.55
RUB RUB
1.102 / 1.128
KZT KZT
0.141 / 0.181

МФК «Салым Финанс» экинчи жолу IPOго чыкты

2020-жылы IPOго чыгып, Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунда пионер болуп калган «Салым Финанс» компаниясы өзүнүн тажрыйбасын кайталоону чечти. 10-августта КФБда IPOнун экинчи жолу ачыкка чыгаруу иши башталды.
МФК «Салым Финанс» экинчи жолу IPOго чыкты

IPO (англ. Initial Public Offering деген сөздөн) – бул компаниянын акцияларын фондулук биржада ачык сунуштоо, анын аркасында катышуучулардын кеңири чөйрөсү, компаниянын акцияларын сатып алуу аркылуу инвестиция салуу жана компаниянын ачыкка чыгышы.

Биринчи жолу компаниянын акциялары он күндүн ичинде сатылды. Ошондо «Салым Финанс» компаниясына 47 жаңы акционер кошулду.

«Биз капиталыбызды бекемдөө жана көбөйтүү максатында жасап жатабыз. Ар бир адам биздин эмиссиянын параметрлерин, биздин көрсөткүчтөрдү изилдеп, кааласа акцияларды сатып алып, МФК “Салым Финанс” ААКнун акционери боло алышат. Биз өсүп жатабыз жана ошого жараша капиталыбыз да өсүшү керек», - деди МФК «Салым Финанс» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Мирлан Кулов, компаниянын экинчи жолу IPOго чыгуу чечимине комментарий берип жатып.

МФК «Салым Финанс» ААКнун артыкчылыктуу акцияларынын II эмиссиясынын жалпы көлөмү 75 млн сомду, номиналдык наркы 1 миң сомду түзөт. Сатуу компаниянын акцияларын сатып алууну каалагандарга 25 даана лот менен жүргүзүлөт. Жарыяланган дивиденд ар бир акцияга 190 сомду (же жылдык 19%) түзөт.

МФК «Салым Финанс» ААКнун артыкчылыктуу акцияларынын II-чыгарылышынын шарттары менен компаниянын https://www.salymfinance.kg/kg/ сайтынан таанышууга болот.

4538
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.