Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, жогорудагы чечимдер аталган банктын акционерлеринин жалпы жыйынында кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсынын уставдык капиталы 1,5 млрд сомго көбөйөт. Натыйжада, банктын жүгүртүүдө жүргөн жөнөкөй аткаруучу акцияларынын саны 1 млн 500 миң даанага жетет, бир акциянын баасы – 1 миң сом.
Мындан тышкары, уставдык капиталдын көбөйүшүнө жараша банктын жаңы редакциядагы уставы бекитилип, КРнын юстиция органдарында кайра мамлекеттик каттоо процедурасы жүргүзүлмөкчү.
Эскерте кетсек, буга чейин, 2024-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 19,7 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн. КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жүгүртүүдөгү жөнөкөй аталыштагы акцияларынын санын 1 миллион даанага көбөйтүү чечими кабыл алынган. Бир акциянын баасы - 1 миң сомду түзөт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.