Экинчи Binance Community Meetup: жаңы тренддер жана демилгелер

Binance, Бишкек шаарында 9-июнда дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы жана алдыңкы блокчейн-экосистема болгон криптокоомчулук менен ийгиликтүү офлайн жолугушуу өткөрдү. Binance Community Meetup 300дөн ашуун катышуучуну чогултуп, жайкы мезгилдеги эң ири крипто окуя болду.
Катышуучуларды каттоо иш-чара башталаардан бир саат мурун башталган. Келгендерди көңүлдүү тосуп алуу үчүн уюштуруучулар атайын Bitcoinbutton оюнун даярдап, андан тышкары турникке тартылуу боюнча сынак уюштурушту. Бул сынактарга катышкан конокторго Binance компаниясынын фирмалык белектери тапшырылды.
Binance Community Meetup иш-чарасынын алкагында команда бир катар негизги жергиликтүү демилгелерди тааныштырды. Алардын ичинде платформанын интерфейсин кыргыз тилинде ишке киргизүү, Binance Pay аркылуу төлөм чечимдерин өнүктүрүү, билим берүү программаларын кеңейтүү, жергиликтүү университеттер менен өнөктөштүктү бекемдөө, Binance Academy өнүктүрүү жана аймактагы стартаптар менен кызматташуу демилгеси бар.
Мындан тышкары, адистер Binance компаниясынын негизги жаңылыктары тууралуу айтып беришти. Аларга Megadrop, Web3 Wallet жана Spot Copy Trading кирет.
Жолугушуу маалында катышуучулар крипто сабатты жогорулатуу зарылдыгы жана биржада операцияларды жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча бир топ мисалдарды талкуулашты. Ошондой эле адистер компаниянын билим берүү жаатындагы демилгелери тууралуу кеңири айтып беришти. Аларга Кыргызстандагы университеттер менен өнөктөштүк жана Binance Academy өнүктүрүү кирет.
Катышуучулар өзгөчө кызыгууну кыргыз криптокоомчулугунун өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүнө көрсөтүштү. Chainproof компаниясынын тең негиздөөчүсү Жаныбек Мадьяров Web3 чөйрөсүндө киберкоопсуздук жана активдерди коргоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал эми Binance Angels программасынын катышуучусу Арсен Эдилбек уулу криптоиндустриядагы жолун айтып берип, бул тармактын өнүгүшүндө жамааттын маанилүү ролуна токтолду. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн Kahoot аттуу окутуучу оюн уюштурулду. Анда жолугушуунун ар бир катышуучусу Binance компаниясы жана криптовалюталар тууралуу билимин сынап, тез жооп берүүгө мелдеше алышты.
«Кыргызстан санариптик активдерге жана блокчейн технологияларына болгон кызыгуунун туруктуу өсүшүн көрсөтүп жатат. Жергиликтүү жамааттын мындай активдүү реакциясын көрүү бизди кубандырат. Binance үчүн колдонуучуларга жакын болуу, жаңылыктар тууралуу маалымат берүү, билим менен бөлүшүү, компаниянын кадамдарын түшүндүрүү, криптовалюталарды коопсуз жана аң-сезимдүү колдонуу маданиятын чогуу түзүү абдан маанилүү. Биз КРнын Президенти жана өкмөтү менен болгон кызматташуубузду да жогору баалайбыз. Улуттук инвестиция агенттиги менен биргеликте өлкөнүн криптоэкосистемасын өнүктүрүү багытында активдүү иш алып барууну пландап жатабыз. Жакынкы убакта бир катар инновациялык чечимдерди ишке ашыра турганыбызды жарыялайбыз. Бул чечимдер өлкөнүн экономикасы жана колдонуучулар үчүн кошумча баалуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет», — деп белгиледи Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча аймактык директору Кирилл Хомяков.
Эске салсак, Бишкекте биринчи Binance Community Meetup иш-чарасы 2022-жылдын ноябрь айында өткөн. Анда компаниянын өкүлдөрү блокчейн технологиялары жана криптовалюталар тууралуу айтып беришкен.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.