Курс USD 87.23 / 87.73
Курс EUR 99.29 / 100.29
Курс RUB 1.076 / 1.102
Курс KZT 0.141 / 0.174
USD USD
87.23 / 87.73
EUR EUR
99.29 / 100.29
RUB RUB
1.076 / 1.102
KZT KZT
0.141 / 0.174

Эми ар бир жаран насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу сала алат – мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Эми ар бир жаран насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу сала алат – мыйзам кабыл алынды

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жарандардын финансылык алдамчылыктан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кредиттик бюролор менен финансылык уюмдардын ортосунда кредиттик маалыматтарды алмашуудагы мыйзамдык коллизияларды жоюу болуп саналат.

«Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жеке жактарга Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы аркылуу өзүнүн өзүнө-өзү тыюу салуусу жөнүндө маалыматты акысыз негизде алууга укуктуу.

Кредиттик уюмдар насыялык бюролордон насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги жөнүндө маалыматты сурап алууга жана колдонуудагы өзүнө-өзү тыюу салуу болгон учурда насыялык маалымат субъекти – жеке жак менен насыялык бүтүм түзүүдөн баш тартууга милдеттүү.

«Банктар жана банк иштери» жөнүндө мыйзамында банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар, кардар менен кредиттик келишим түзүүгө ал тарабынан тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу жөнүндө маалымат бар экендиги тууралуу маалыматты кредиттик бюролордон сурап алууга милдетүү.

Кредиттик келишим түзүүгө кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу күчүндө болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга милдетүү.

Банктык кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан аталган талаптарды сактабастан түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз болуп саналат.

Буга чейин жарандар «Түндүк» мамлекеттик порталы аркылуу өз алдынча тыюу салууга мүмкүнчүлүк алары маалымдалган. Маалымат системанын интеграциясы камсыз кылынган иштеп жаткан кредиттик бюролорго өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, 1-марттан тарта Орусияда жарандарга насыя берүүгө өзүн-өзү тыюу салууга уруксат берген мыйзам күчүнө кирген. Бул алдамчылар менен күрөшүүгө багытталган.

Кыргызстанда «Элдик Банк» «El.Kalkan» киберкоопсуздук долбоорун апрель айында ишке киргизген. Долбоордун биринчи компоненти кредиттик кызмат көрсөтүүгө өзүн-өзү тыюу салуу болгон.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.