Курс USD 87.21 / 87.71
Курс EUR 100.19 / 101.19
Курс RUB 1.081 / 1.118
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.21 / 87.71
EUR EUR
100.19 / 101.19
RUB RUB
1.081 / 1.118
KZT KZT
0.117 / 0.187

Кыргызстандык соодагерлер Тажикстанга товарларын Wildberries аркылуу сата алышат

Wildberries маркетплейси Борбор Азиядагы ишмердүүлүгүн кеңейтип, Тажикстанда расмий түрдө сатууну баштады, бул тууралуу компания билдирди.
Кыргызстандык соодагерлер Тажикстанга товарларын Wildberries аркылуу сата алышат

Бул кыргызстандык ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат – эми алар тажик тараптын соода кошумча чыгымдарсыз кире алышат.

22-апрелден тарта Wildberries Дүйшөмбү жана Худжанд шаарларына жүк жеткире баштады. Буйрутмаларды Wildberries.tj сайты же мобилдик тиркеме аркылуу берсе болот. Тажикстанда сатып алуучулар кийим-кече, тиричилик буюмдары, үй-бүлөгө керектүү жана балдар үчүн буюмдарды кошкондо жалпы 8 миллиондон ашык товардын түрлөрүн ала алышат.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында алгачкы эки буйрутмаларды берүү пункту ачылды - Абдулкосим Лохути көчөсү 15 жана Пулоди көчөсү 43. Үчүнчү пункт 23-апрелде Худжанд шаарында ачылат, дареги Камоли Худжанди көчосү 138. Орточо жеткирүү мөөнөтү 10-14 күн.

Ишке киргизүү DC Market компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Wildberriesтин негиздөөчүсү Татьяна Кимдин айтымында, компания Тажикстанда электрондук коммерция үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Биздин негизги максатыбыз – жогорку деңгээлдеги тейлөөнү жана жеткиликтүү баада кеңири ассортименттеги продукцияга жетүүнү камсыз кылуу.Тажик рыногуна кирүү – бүтүндөй аймактык экосистеманы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам», - деп билдирген ал.

Wildberriesтин Тажикстанда болушу маркетплейсти тогуз өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда жеткиликтүү кылат. Бул кыргызстандык сатуучуларга экспортту гана көбөйтпөстөн, бүтүндөй Борбор Азия рыногунда кардарлар базасын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.