Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда калкка кызмат көрсөтүү байкаларлык денгээлде кымбаттады

Кыргызстанда инфляция күчөп, бул кызмат көрсөтүү тармагына чоң таасир берүүдө. Эмне үчүн баалар күтүлгөндөн да тезирээк өсүп жатат жана кайсы аймак кымбатчылык боюнча алдыда?

Кыргызстанда калкка кызмат көрсөтүү байкаларлык денгээлде кымбаттады
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика  комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Январдан апрель айларына чейин инфляция 4%ды түздү. Эң көп өсүү калкка кызмат көрсөтүүдө болуп, 6,6%га өскөн. Азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга баа 4,7%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 5%га, азык-түлүк эмес товарларга 1%га кымбаттады.

Баалардын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталган. 

Эң жогорку инфляция Ош облусунда 8,7% менен катталган. Анда эң көп өсүү калкка кызмат көрсөтүүдө 15,4%, алкоголдук ичимдиктер жана тамекилерде 13,3%, азык-түлүк эмес товарларда 6,7% жана тамак-ашта 5,6% болгон.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.