Тигүү тармагы үчүн мамлекеттик банктар аркылуу жеңилдетилген насыя бериле баштады

Тигүү тармагындагы ишканалар «Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген насыялоо» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя ала алышат.

Тигүү тармагы үчүн мамлекеттик банктар аркылуу жеңилдетилген насыя бериле баштады
Иллюстрациялык сүрөт

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоор министрлер кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы буйругу менен бекитилген.

Программа пайыздык ченди субсидиялоону карайт жана өндүрүш тармагындагы чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Кайсы банктар аркылуу каржылоону алууга болот

Маалыматка ылайык, насыя төмөнкү финансы-кредиттик уюмдар аркылуу берилет:

Долбоор 2026-2030-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Негизги максат - тармактын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, экспорт көлөмүн көбөйтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү, анын ичинде региондордо ишкердикти өнүктүрүү болуп саналат.

Кеңеш алуу үчүн байланыш

Кеңеш алуу жана арыз берүү үчүн ишканалар төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот:

Насыя алуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси жана насыялоо шарттары боюнча кошумча маалымат жогоруда көрсөтүлгөн финансы-кредиттик уюмдар тарабынан берилет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.