Курс USD 87.11 / 87.61
Курс EUR 101.77 / 102.77
Курс RUB 1.088 / 1.119
Курс KZT 0.141 / 0.175
USD USD
87.11 / 87.61
EUR EUR
101.77 / 102.77
RUB RUB
1.088 / 1.119
KZT KZT
0.141 / 0.175

SIM-картаны жана банктык эсептерди берүү көзөмөлгө алынды: Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик финансы чөйрөсүндөгү алдамчылык менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
SIM-картаны жана банктык эсептерди берүү көзөмөлгө алынды: Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун жактырды

Анда «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды, демилгечи – депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Бакытбек Марипов.

Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, демилге төмөнкүлөргө багытталган:

  • юридикалык жактардын банктык жана электрондук каржылык коопсуздугун камсыз кылуу,
  • санариптик финансы чөйрөсүндөгү алдамчылык фактыларын азайтуу 
  • бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт.

Мыйзам долбоорунун негизги жобосу болуп, төмөнкү финансылык реквизиттерди үчүнчү жактарга берүүгө же сатууга жол бербөө сунушталат:

  • банктык картасын, эсебин,
  • электрондук капчыгын, 
  • мобилдик банкингин,
  • SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин. 

Депутаттардын айтымында, бул жасалма эсеп жана анонимдүү которуулар аркылуу жасалган кылмыштардын санын азайтат.

Ошондой эле депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Арсланбек Эгембердиев, Бакытбек Марипов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.