Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамга кол койду.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды
Сүрөт: Интернеттен алынды

Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезити маалымдады.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алынып, 31-октябрда жарыяланган. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердигине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды тактайт.

Мыйзамдын негизги жоболору

9-беренесинде банк мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине жайылтылбай турганы кошумчаланат.

40-беренеге толуктоо киргизилди, ага ылайык Улуттук банк Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин лицензиялоону, көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну ишке ашырбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.