Курс USD 88.64 / 89.47
Курс EUR 94.56 / 95.55
Курс RUB 0.934 / 0.969
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.47
EUR EUR
94.56 / 95.55
RUB RUB
0.934 / 0.969
KZT KZT
0.137 / 0.206

Кыргызстандагы мамлекеттик ипотека: 2024-жылга кандай шарттар каралган?

Banks.kg порталы мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы менен 2024-жылга карата мамлекеттик ипотеканын шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына күтүлүп жаткан жаңылыктар тууралуу маек курду.
Кыргызстандагы мамлекеттик ипотека: 2024-жылга кандай шарттар каралган?

Эске салсак, 2024-жылдын январь айынан тарта Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кыргызстандык бардык жарандары үчүн үлүштүк курулуштун жаңы механизми киргизилген. Өлкө башчы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине жарандарды турак жай менен камсыздоо жана куруу механизмдерин өркүндөтүүнүн алкагында 30-январда жаңычылдыкты киргизүүнү тапшырган.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чечими менен өлкөнүн бардык жарандары, анын ичинде эмгек мигранттары үчүн үлүштүк турак жай куруу механизми ишке киргизилиши керек.

Banks.kg порталы менен болгон маегинде МИКнын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов үлүштүк курулуш механизминин шарттары жана жеңилдетилген ипотекалык насыялар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, үлүштүк курулуш программасына турак жайдын баасынын 50%дан кем эмес өлчөмүндө баштапкы төлөм берүү каралган. Ошол эле учурда жылдык үстөк 8% бойдон калууда, насыянын мөөнөтү 15 жылга чейин. Батирдин бир чарчы метринин баасы курулуп жаткан турак-жайдын долбоордук-сметалык документтери боюнча белгиленет. 
 - Жакынкы убакыттарда ипотекалык компания турак үйлөрдү курууга жерлери берүүсү күтүлүп жатабы?

- Ооба, бир айдын ичинде МИКке турак жайларды куруу үчүн мамлекеттик муниципалдык жерлер берилгени жатат. МИК аталган жер тилкелерин алган соң, долбоордук сметалык документи иштелип баштайт, андан кийин кабыл алынып, МИКтин расмий сайтына толук маалымат чыгарылат.

- МИКнын программасы боюнча үйлөрдү курууга канча убакыт бөлүнөт?

- Көп кабаттуу үйлөрдү куруу бир топ убакытты талап кылат – болжол менен 1,5-2 жыл.

- Быйыл Бишкекте канча батирди пайдаланууга берүү пландалууда жана ал жакка жаңы жылга чейин канча жаран көчүп кире алат?

- Мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында турак жайларды курууга жооптуу «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасынын болжолуна ылайык, 2024-жылдын төртүнчү кварталында Бишкек шаарында 1700 батир пайдаланууга берилсе, ошол эле сандагы жарандар турак-жай ала алышат. 

- МИКтин балансына жаңы турак-жай объектилери кошулуп жатабы?

- Учурда мамлекеттик органдар жаңы турак жай объектилерин өткөрүп берүү боюнча иш алып барууда, бирок алар азырынча МИКтин балансына кире элек. Бирок 2021-2023-жылдар аралыгында министрлер кабинети, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде президенттин үй-бүлөсү 35 турак жайды МИКтин балансына өткөрүп беришкен. Аянты жана наркы чоң батирлер жана үйлөр ачык аукцион аркылуу сатылып, түшкөн каражаттар ипотекалык насыяга жумшалган.

Аянты жактан кичине батирлер турак жай программасынын катышуучуларына тизме боюнча берилип, МИКтин сайтына жарыяланган.

- Мамлекеттик ипотекалык насыянын негизги шарттары өзгөрөбү?

- МИКтин пайыздык чендери өзгөргөн жок жана 4-8% жылдык пайызда гана калды.

25 жылга чейин жылдык 4% менен жана баштапкы төлөмсүз ипотека өлкөнүн бардык аймактарында бюджеттик тармакта иштегендерге берилет.Ошондой эле 4 пайыз менен 25 жылга баштапкы төлөмсүз жарандардын айрым социалдык категориялары үчүн алар жеке компанияда иштешсе дагы берилет: 5 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын багуучуларына, балдары бар жалгыз бой ата-энелерге, аймактардагы жаш адистерге берилет.

8 пайыз чен менен 25 жылга чейин баштапкы төлөм 20 пайызды түзгөн ипотека жеке компаниялардын кызматкерлерине берилет.

- МИК Кыргызстандын кайсы бантары менен кызматташат?

- МИК KICB жана РСК Банк менен кызматташат. Алар аркылуу ипотекалык насыялар Бишкек жана Ош шаарларынан башка аймактарга «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» программасынын алкагында KfW өнүктүрүү банкы аркылуу Германия өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен берилет. Германия тарабынан берилген каражаттардын жалпы суммасы 34,9 миллион еврону түзөт, ипотекалык насыялар бардык жарандарга, бюджеттик сферанын кызматкерлерине да, жеке сферанын кызматкерлерине да берилет.

Кредиттин суммасы 38 700 еврого жетет, үстөк пайызы жылына 8%, ал эми кредиттин мөөнөтү 15 жылга чейин. Мында баштапкы төлөм сатылып алынган турак жайдын наркынын 20%нан кем эмес болушу керек (эгер баштапкы төлөм жок болсо, сиз кошумча күрөө кое аласыз, пенсиялык топтоо каражаттарынан төлөй аласыз, ошондой эле кепилдик фонддун инструменттерин колдоно аласыз).

Банк аркылуу каттоо төлөмдөрдүн суммасына таасирин тийгизбейт.

Гранттык каражаттарды берүүдө Германия өкмөтүнүн негизги шарттарынын бири банктар аркылуу жана республиканын аймактарына гана – тагыраагы Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары ипотекалык насыя берүү болгон.

- Мамлекеттик ипотекалык компания өзү насыя береби?

- Учурда насыялоонун башка багыты боюнча ( 4 пайыз жылдык ченемге бюджеттик сферанын кызматкерлерине жана жарандардын социалдык категорияларына) МИК тарабынан ипотека банктардын катышуусуз берет. Башкача айтканда, турак жай прграммасына банктардын катышуусу Германия сыяктуу инвестордун шарттарына жараша болот. 
 - Эмне үчүн МИК жеке курулуш компаниялары менен кызматташпайт?

- Жеке компаниянын негизги максаты киреше табуу, ал эми мамлекеттик ипотекалык компания киреше алууну максат кылбайт. Биздин негизги максат – өлкө жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу.

- Мамлекеттик ипотекалык насыяга кантип кезекке турса болот?

- МИКтин кезегине туруу үчүн компаниянын расмий сайтына электрондук арыз тапшыруу керек. Электрондук арыз берүү үчүн жарандарга кагаз документтерди чогултуунун жана МИКтин кеңсесине же башка администрацияларга баруунун кажети жок – бардыгы онлайн режиминде жүргүзүлөт. Жаран жөнүндө бардык зарыл болгон маалыматтар (үй-бүлөлүк абалы, иштеген жери, иш тажрыйбасы, турак жайынын бар/жоктугу) МИК Түндүк системасынан алат.

Ошондой эле, чет өлкөлдө иштеген кыргыз жарандары (мигранттар) дүйнөнүн каалаган жеринен онлайн түрдө электрондук арыз бере алышат.

Кыргызстандагы ипотеканын үч түрү

Белгилей кетсек, Кыргызстанда үч жол менен ипотекага турак жай алса болот. Алардын бири – жылдык 4 пайыздан 8 пайызга чейин жеңилдетилген шартта алуу.

Экинчи жол – Кыргызстандын бир нече банктарынан ислам принциптери аркылуу ипотекалык каржылоодон ала алышат.

Турак жайды сатып алуунун үчүнчү варианты – республиканын коммерциялык банктарынан ипотекалык насыя алуу.

#gmwkyrgyzstan2024

702
2024-03-15T11:25:32+06:00