Курс USD 87.25 / 87.73
Курс EUR 101.10 / 102.10
Курс RUB 1.085 / 1.114
Курс KZT 0.140 / 0.174
USD USD
87.25 / 87.73
EUR EUR
101.10 / 102.10
RUB RUB
1.085 / 1.114
KZT KZT
0.140 / 0.174

Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге 3,2 миллион сом төлөндү

Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку жөлөк пул үчүн мамлекеттен 3,2 миллион сом бөлүндү.
Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге 3,2 миллион сом төлөндү

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Аман калган 32 ардагердин ар бирине 100 миң сомдон материалдык жардам берилди. Бул сумма КРнын  ррезидентинин «Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» жарлыгында каралган бир жолку төлөмдүн алкагында берилди.

Бүгүнкү күндө өлкөдө төмөнкүлөр жашайт:

  • 1 согуш майыбы, 
  • 13 согушка катышкан жарандар,
  • 7 концлагердин туткундары,
  • Ленинград блокадасынан 11 адам аман калган.

Каржылоо толук көлөмдө берилип, төлөмдөр аткарылып бүттү.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.