Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, каражаттар айыл чарба секторунун негизги багыттары боюнча бөлүштүрүлөт:
- Мал чарбасы боюнча 2 миң 517 субъект 1,55 млрд сом өлчөмүндө колдоо алган.
- Өсүмдүк өстүрүү тармагында - 609 өндүрүүчүгө жалпы суммасы 290,6 млн сом насыя берилди.
- Суу үнөмдөөчү технологияларды өнүктүрүү үчүн 12 субъектиге жалпысынан 9,7 млн сом бөлүнгөн.
- Лизинг чөйрөсүндө 35 субъектиге 72,16 млн сом суммасында каржылоо берилген.
Долбоорду ААК «Айыл Банк» жана ААК «Элдик Банк» ишке ашырууда. Программанын алкагында насыялардын жалпы көлөмү 5 млрд сомду түзгөн.
Программа өлкөнүн агроөнөр жай комплексин колдоого, айыл чарбасын модернизациялоого, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана заманбап технологияларды, анын ичинде сууну үнөмдөөгө жана лизингдик кызматтарга жетүүгө багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.