МСК жыл башынан бери 243 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-август айларынан бери чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 243 млрд 51,7 млн сомду түзгөнүн билдирди.

МСК жыл башынан бери 243 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
Иллюстрациялык сүрөт

Салык кызматы билдиргендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 млрд 332,5 млн сомго көп.

Сезиз ай ичинде бюджетке 190 млрд 52,3 млн сом салык жана төлөмдөрү түштү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51 млрд 125,7 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи (136,8%ды) түздү. Белгиленген план 105,2% га, тактап айтканда 9 млрд 328 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Анын ичинде республикалык бюджетке 165 млрд 234,7 млн сом түшкөн. План 104,6%га же 7 млрд 261,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47 млрд 500,3 млн сомго көп (өсүү темпи 140,3%).

Жергиликтүү бюджетке 24 млрд 817,6 млн сом жыйналган. План 109,1% га же 2 млрд 66,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 3 млрд 625,4 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 117,1%ды түздү.

Ошондой эле, Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды 1 млрд 259,4 млн сомго, тактап айтканда 102,4%га ашыгы менен аткарып, 52 млрд 999,4 млн сом чогулткан. Бул көрсөткүч 2024-жылдын январь-август айларында чогултулган суммадан 4 млрд 207,5 млн сомго көп, өсүү темпи (108,6%). 

МСК белгилегендей, пландык көрсөткүчтөрдүн мындай ашыкча аткарылышы салык базасынын жана бардык деңгээлдеги бюджеттердин кирешелеринин көбөйгөнүн айгинелейт.