Мындан ары камсыздандыруу полисин алдын ала алуу керек
Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы №413 токтомуна ылайык, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө» нускамасына өзгөртүүлөр киргизилди.
Жаңы ченемдерге ылайык, 2025-жылдын 1-августунан тартып камсыздандыруу полиси төмөнкү учурларда алынат:
- отчеттук ай үчүн ишти жүргүзүүгө киришүүдөн мурун;
- отчеттук мезгил үчүн кийинки айдын ичинде.
Буга байланыштуу Салык кызматы камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн төлөөчүлөргө мөөнөттөрдү бузбоо үчүн полисти алдын ала тариздөөнү сунуштайт.
Ведомстводон отчет өз убагында берилбесе жана/же камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөсө, мыйзамдарга ылайык айыптар жана башка санкциялар колдонуларын эскертти.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.