Маалыматка ылайык, аталган санариптик инструменттер төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- текшерүүлөрдү жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу;
- бузуу коркунучу жогору компанияларды аныктоо;
- үч айдын ичинде бюджетке 1 миллиард сомдон ашык каражат чогултуу.
Иштин жүрүшүндө салык кызматкерлери «бир күндүк фирмаларды» жана товары жок жасалма жеткирүүлөрдү колдонуу схемаларын аныкташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 2 миллиард сомдон ашкан.
«Эгер система кандайдыр бир бузууларды каттаса, ишкана текшерүүгө капташат. Бардык маалыматтар дал келген жерде, ишкерлер сарсанаа болбой иштей беришсе болот», - деп белгиледи Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.
Жарандардын салык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу үчүн YouTube-канал Айсалык (AIsalyk) ишке кирди. Анда салык төлөөдөн качкан схемалардын реалдуу мисалдары көрсөтүлүп, мыйзам бузуулардын кесепеттери түшүндүрүлөт.
МСК жарандарды жана ишкерлерди колдоого жана кыраакы болууга чакырат. Ведомство бизнес жүргүзүү үчүн биргелешкен аракеттер жана чынчылдык менен шарттарды түзө аларын белгиледи.
Буга чейин Салык кызматы айып пулдардан качуу үчүн салыктык отчеттордун маанилүүлүгүн эскерткен.