Курс USD 87.23 / 87.73
Курс EUR 100.45 / 101.45
Курс RUB 1.080 / 1.106
Курс KZT 0.141 / 0.174
USD USD
87.23 / 87.73
EUR EUR
100.45 / 101.45
RUB RUB
1.080 / 1.106
KZT KZT
0.141 / 0.174

Салык төлөө жөнөкөйлөтүлдү: эми QR-коддор жана онлайн-төлөмдөр жеткиликтүү

Мамлекеттик салык кызматы акыркы жылдары коммерциялык банктар жана мобилдик байланыш операторлору менен бирге салык милдеттемелерди мобилдик банкинг аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.
Салык төлөө жөнөкөйлөтүлдү: эми QR-коддор жана онлайн-төлөмдөр жеткиликтүү

Салык кызматы билдиргендей, бул кызматтар салыкты жөнөкөй кадамдар менен төлөөгө мүмкүндүк берип, салык төлөө процессин бир топ жөнөкөйлөтөт жана салык органдары менен түз байланыштарды азайтат.

Учурда өлкөдө салыкты текшерүү жана төлөө кызматтары ишке ашырылган 10дон ашык электрондук капчык иштеп жатат. Анын жардамы менен салык төлөөчүлөр төлөмдүн суммасын кол менен эсептебестен же банк реквизиттерин киргизбестен, болгону бир нече баскычтын жардамы менен төлөм кодун автоматтык түрдө түзө алышат.

Жеке кабинет жана QR-коддор

Салык кызматы салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун алкагында cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине салык төлөмдөрүнүн кодун жана QR-коддорду автоматтык түрдө түзүү функциясын ишке киргизген.

Мобилдик банкингдер аркылуу төлөө

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын мобилдик банкингдеринде төлөм коду түздөн-түз тиркемеде түзүлөт: ИНН, району, салыктын түрү жана суммасы. Андан кийин төлөм бир баскычты басуу менен тастыкталат.

«Элкарт» мобилдик тиркемесинин мисалында

Мисалы «Элкарт» мобилдик тиркемеси аркылуу салыктык кызматтарды колдонуу тартибин карасак, колдонуучу алгач «Төлөмдөр» бөлүмүнө кирип, андан соң «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмчөсүн жана «Салыктар» пунктун тандашы керек. Бул бөлүмдө электрондук патентти, кыймылсыз мүлккө болгон салыкты, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башкаларды кошкондо, салыктардын түрлөрү боюнча классификациясы берилген.

«Мегапэй» электрондук капчыгы жана башкалар

«Мегапэй» тиркемесинде кызмат «Сервистер» бөлүмү жана «Салык кызматынын сервистери» бөлүмчөсү аркылуу түзүлгөн. Колдонуучу керектүү салыктын түрүн тандап, тиешелүү параметрлерди киргизип, төлөм жүргүзөт.

Тиркемелердин интерфейстериндеги айырмачылыктарга карабастан, төлөм жүргүзүүнүн жалпы принциби бирдей бойдон калат, бул кызматты колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Салык кызматы мындай ыңгайлуу санариптик кызматтардын жардамы менен Кыргызстандагы бардык жарандар үчүн салык төлөө жеңил жана жеткиликтүү болуп жатканын белгиледи.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.