Курс USD 87.11 / 87.61
Курс EUR 101.77 / 102.77
Курс RUB 1.088 / 1.119
Курс KZT 0.141 / 0.175
USD USD
87.11 / 87.61
EUR EUR
101.77 / 102.77
RUB RUB
1.088 / 1.119
KZT KZT
0.141 / 0.175

Салык салуудагы өзгөртүүлөр: Салык кызматы базарлардын администрациялары менен диалогду күчөтүүдө

Салык кызматы базарлардын администрацияларынын өкүлдөрү менен салык мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Салык салуудагы өзгөртүүлөр: Салык кызматы базарлардын администрациялары менен диалогду күчөтүүдө

Салык кызматы билдиргендей, иш-чарага салык органдарынын кызматкерлери жана «Дордой», «Мадина», «Кудайберген», «Элитстрой», «Дордой дыйкан», «Азиз» жана башка базарлардын администрациясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга КРнын Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу түшүндүрмөлөр берилди, тактап айтканда:

  • Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасындагы 0,1% жана 1% ставкалары жоюлуп, алардын ордуна жылдык жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинки субъекттер үчүн 0,5% өлчөмүндөгү бирдиктүү ставка киргизилди;
  • Салык төлөөчүлөргө патенттин негизинде салык төлөөнүн ыкмаларын тандоо укугу берилди. Соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъекттер учурдагы календардык жылда күтүлүп жаткан кирешесине жараша патент боюнча салык төлөй алышат;
  • Жалпы салык режимин колдонгон субъекттерге, патент менен иштеген же өзгөчө салык режими колдонулган соода аймактарындагы субъекттерден алынган товарлар боюнча чыгымдарды салыктык чегерүүгө кошууга тыюу салынды;
  • Патенттин негизинде иштеген субъекттер үчүн экспорттук-импорттук операцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө чектөө киргизүү;
  • Импорттук операцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө өзгөчө режимди колдонгон субъекттер үчүн чектөө киргизүү.

Ошондой эле, Салык кызматы салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында ишкерлер менен тыгыз кызматташууну улантары кошумчаланды.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.