Салык кызматы мыйзамсыз ишкерлик кылгандарга 1,8 млн сом айып салды

Ведомстводон билдиргендей, 2025-жылдын алты айында республика боюнча уруксат берүүчү документтери жок жана салык органдарында каттоосуз ишмердүүлүк жүргүзүүгө байланыштуу жалпы 1458 эреже бузууну аныктаган. Анын негизинде 1204 айып пул салынып, жалпы суммасы 1,8 млн сомдон ашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор калаанын Бириничи май районунда жайгашкан сегиз субъекттин өндүрүштүк жана кампа жайлары текшерилди. Жыйынтыгында салык органдарында каттоосу жок иш жүргүзгөн эмерек жасоочу эки цех аныкталды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, бардык жагдайларды тактоо үчүн кошумча иш-чаралар жүргүзүлөт.
Салык кызматы салыктык каттоосуз жана уруксат берүүчү документтери жок иш жүргүзүү учурларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында мындай рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү уланта турганын эскертти. Бул багыттагы иштер өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу негизде жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.