ИИМден билдиришкендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында чет өлкөнүн аймагынан К.С. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.
Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу жабырлануучу М.Н.нын 150 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алган. Аталган факты боюнча ага издөө жарыяланган.
Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган.
Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында К.С. чет мамлекеттин аймагында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.