Финкөзөмөл: Виртуалдык активдер рыногунда айрым лицензиялар токтотулуп, 366 миң сом айып пул салынды

Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
ЖАК «Ранекс Кей джи» менен түзүлгөн келишимдин алкагында, RunexKG аналитикалык платформасы аркылуу Финкөзөмөл виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген ишкерлер тарабынан КРнын мыйзамын бузуу фактыларын аныктаган.
Анда КРнын мыйзамдарынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн 7 юридикалык жакка – 1 виртуалдык активдерди сатуу операторуна жана 6 виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна жалпы суммасы 366 миң сом административдик айып пул салынган.
Мыйзам бузуулардын катарына кардарларды текшерүүнүн жетишсиздиги, натыйжалуу ички контролдук жол-жоболордун жоктугу жана Финансылык көзөмөл органына толук жана ишенимдүү маалыматты бербөө кирет.
Мындан тышкары, Финансылык көзөмөл органы биржа операторлору - «ПервыйПлюсКрипто» ЖЧКсы жана «Траст Чейн» ЖЧКсы тарабынан виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарбагандыгы боюнча фактыларды аныктады.
КРнын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесинин негизинде, эки компаниянын тең лицензиялары убактылуу токтотулду.
Финкөзөмөл Кыргызстанда адилеттүү виртуалдык активдердин рынокторун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү менен мыйзам бузууларды аныктоону улантат. Аталган мамлекеттик кызмат финансы рыногунун бардык катышуучуларын мыйзамдарды жана талаптарды так аткарууга чакырат.
Эске салсак, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы «Виртуалдык активдер жөнүндө» КРнын мыйзамына жана «Виртуалдык активдерди жүгүртүүдөн келип чыгуучу жөнгө салынуучу мамилелерди сактоо жөнүндө» КРнын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, виртуалдык активдерди тейлөө провайдерлери үчүн ай сайын бере турган отчеттун формасы бекитилди.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.