Курс USD 87.17 / 87.64
Курс EUR 101.41 / 102.41
Курс RUB 1.087 / 1.113
Курс KZT 0.141 / 0.173
USD USD
87.17 / 87.64
EUR EUR
101.41 / 102.41
RUB RUB
1.087 / 1.113
KZT KZT
0.141 / 0.173

Кепилдик фонду Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин делегациясы менен жолугушууга катышты

2025-жылдын 7-августунда Тажикстан Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Мажиди Юсуф Хайрулло башында турган Тажикстан Республикасынын делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Кепилдик фонду Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин делегациясы менен жолугушууга катышты

7-августтан 10-августка чейин өткөн иш сапардын максаты фискалдык саясат жаатында билим алмашуу болду.

Сапардын программасынын алкагында 8-9-августта Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Финансы министрликтеринин ортосунда консультативдик жолугушуу болуп, анда Кыргыз Республикасындагы фискалдык маселелер боюнча маселелер талкууланды.

Жогоруда аталган жолугушуунун жүрүшүндө тажик делегациясынын өкүлдөрүнө кепилдик ишмердүүлүк, аларды түзүү жана өнүктүрүү, натыйжалары жана келечеги тууралуу «Кепилдик фонд» ААКсынын башкармасынын төрагасы М-А. Абакиров маалымат берди. 

Ошондой эле «Кепилдик фонд» ААКсынын эл аралык программалардын алкагындагы ишинин натыйжалары, анын ичинде Дүйнөлүк банктын «Ысык-Көл облусунда сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» жана «ЧМОИни өзгөчө колдоо», «Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми» 2-компоненти боюнча маалымат берилди. 

Тажик Республикасында кепилдикк фонддордун Кыргыз моделин киргизүүнү жана 3000ден ашык кепилдиктерди берүүнү эске алуу менен «Кепилдик фонд» ААКсынын жетекчиси Тажикстанда Мамлекеттик кепилдик фондду түзүүгө, «Замонат» КУнун институционалдык өнүгүшүнө жана Дүйнөлүк банктын портфелдик кепилдиктерди киргизүү боюнча долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.