Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.62 / 99.62
Курс RUB 1.087 / 1.117
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.62 / 99.62
RUB RUB
1.087 / 1.117
KZT KZT
0.117 / 0.187

1-июндан тарта Кыргызстанда жеке жактар үчүн бирдиктүү салык эсеби иштей баштайт

Салык кызматы 1-июндан тыртып жеке жактар үчүн бирдиктүү салык эсебин киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
1-июндан тарта Кыргызстанда жеке жактар үчүн бирдиктүү салык эсеби иштей баштайт

Бул салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, жол-жоболорун өркүндөтүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылууда. 

БСЭ деген эмне?

Бирдиктүү салык эсеп - бул салык төлөөчүнүн каражаттары сакталган виртуалдык салык капчыгы. Сиз бирдиктүү салыктык эсебиңизди каалаган суммага толуктай аласыз. Салык кызматы бул каражаттарды бардык салык жана камсыздандыруу милдеттенмелери боюнча автоматтык түрдө бөлүштүрөт.

Бирдиктүү салык эсебинин артыкчылыгы:

  • көптөгөн өзүнчө салыктардын ордуна бирдиктүү төлөм;
  • төлөм жүргүзүп жаткан учурдагы каталарды жоюу (реквизиттер, убактылары ж.б.);
  • милдеттенмелер боюнча суммаларды автоматтык түрдө эсептен чыгаруу;
  • ар бир конкреттүү салыкты кол менен тактоо зарылчылыгынын жоктугу;
  • өз убагында төлөбөгөндөгү туум жана айыптарды кошуу тобокелдигинин аз болуусу.

БСЭ биринчи этапта кимдер үчүн жеткиликтүү? 

Пилоттук долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • патенттин негизинде иштеген жеке жактар;
  • өзгөчө соода режими бар зоналарда иштеген жеке жактар;
  • турак-жайга мүлк салыгын төлөгөндөр.

БСЭ кантип толуктоо керек?

  • Салык төлөөчүнүн эсеби аркылуу;
  • QR-код же эквайринг аркылуу;
  • Банк аркылуу.

Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу КРнын Президентинин 2025-жылдын 13-февралындагы №46 «Дордой» соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Салык кызматы жеке жактарды салык милдеттенмелерин ыңгайлуу жана коопсуз аткаруу үчүн бул төлөмдү колдонууга чакырат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.