Министрлер кабинети бир катар салыктык ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү апрель айындагы №278 буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, банктар, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору эл аралык акча которуулар тууралуу маалыматты өтүнүч боюнча салык кызматына беш жумушчу күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
Берилген маалыматтардын тизмесине которуунун суммасы жана датасы, бүтүмдүн валютасы, жөнөтүүчү менен алуучунун катталган өлкөлөрүн, тараптардын реквизиттерин, которуунун багытын, ошондой эле кириш жана чыгыш операциялары боюнча маалыматтарды камтыйт.
Мындан тышкары, документте салык төлөөчүлөрдүн банктык операциялар боюнча каттоосун текшерүүнүн электрондук кызматын ишке киргизүү каралган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.