Салык кызматы Соцфондго маалыматтарды берүү көзөмөлүн жөнөкөйлөттү

Мамлекеттик салык кызматы STI-161 отчётторун ыкчам текшерүү үчүн «СФ статусу» функциясын ишке киргизди.

Салык кызматы Соцфондго маалыматтарды берүү көзөмөлүн жөнөкөйлөттү
Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, бул функция «Түндүк» мамлекеттик ишканасында камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жөнүндө маалыматтын жоктугунун өсүшүнө байланыштуу иштелип чыккан. 

Мындар ары салык төлөөчүлөр маалыматтардын Социалдык фондго түшүшүн жана анын «Түндүк» МИ тарабынан алынышын өз алдынча көзөмөлдөй алышат.

Эми салык төлөөчүлөр жеке кабинети аркылуу — «Жүктөөлөр журналы» бөлүмүнөн ар бир STI-161 отчётунун «СФ статусу» менен тааныша алышат.

Суроолор жаралган учурда социалдык фонддун 1202 кыска номери аркылуу маалымат борборуна, ошондой эле социалдык фонддун райондук жана шаардык башкармалыктарына кайрылса болот.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.