Мындан ары кошумча нарк салыгын төлөбөгөндөр онлайн көрүнөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды.

Мындан ары кошумча нарк салыгын төлөбөгөндөр онлайн көрүнөт
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

МСК төрагасы президентке салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анын негизги элементи катары «Салык Күзөт» автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди.

Алмамбет Шыкмаматов бул система ишке киргизилгенге чейин МСК кызматкерлери бир нече булактар менен иштөөгө жана компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болгонун белгиледи. Эми бардык маалыматтар бир платформага топтолду.

Ал ошондой эле мамлекет башчыга жаңы системанын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аймактар, райондор жана шаарлар боюнча салыктык түшүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө токтолду. Тутум онлайн режиминде кошумча нарк салыгын төлөбөгөн компанияларды да көрсөттү.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров МСК төрагасына «Салык Күзөт» платформасын мындан ары жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартип боюнча системалуу иш алып баруу, ошондой эле бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.