Курс USD 87.22 / 87.71
Курс EUR 100.18 / 101.18
Курс RUB 1.081 / 1.114
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.22 / 87.71
EUR EUR
100.18 / 101.18
RUB RUB
1.081 / 1.114
KZT KZT
0.117 / 0.187

Орусиялык «Т-Банк» чет өлкөлүк жарандар үчүн кредиттик карталарды алуу тартибин жөнөкөйлөштүрдү

Мындан ары чет өлкөлүк жарандар Орусияда легалдуу жүргөнүн тастыктаган документ, чет элдик паспорт жана SIM-картасы болгон шартта «Т-Банктан» кредиттик карта ача алышат.
Орусиялык «Т-Банк» чет өлкөлүк жарандар үчүн кредиттик карталарды алуу тартибин жөнөкөйлөштүрдү

Бул тууралуу PLUSworld басылмасы кабарлады.

Ошол эле учурда, чет элдик жарандар Орусиянын жарандары менен бирдей шарттарга –  тагыраагы кредиттик лимиттерге, жеңилдетилген мөөнөткө жана тейлөөгө ээ боло алышат.

«Т-Банк» банкынын чекене тейлөө багытын өнүктүрүү боюнча директору Вера Лейченконун айтымында, кредиттик карталарды ишке киргизүү чет өлкөлүк кардарларга кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүдө логикалык кадам болду.

«Биз чет элдик кардарлардын кредиттик өндүрүмдөргө болгон туруктуу кызыгуусун көрүп жатабыз. Бул багытта кардарлар үчүн натыйжалуу системаны түзүп, кредитке жетүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдеттик», – деп билдирген ал.

Кредиттик картаны банктын расмий сайты аркылуу онлайн арыз берүү жолу менен алса болот.

Чет өлкөлүк жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн банктын мобилдик тиркемеси англис, өзбек, тажик жана кыргыз тилдерине которулган. Ошондой эле бул тилдер, анын ичинде кытай тили, колдоо кызматы менен банкоматтарда да жеткиликтүү.

Мындан тышкары, «Т-Банктын» кызматкерлери чет өлкөлүк кардарларга жумушка орношуу, батир ижарага алуу, патент жана керектүү маалымкаттарды алуу боюнча кеңеш беришет.


Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.