Аталган министрликтен билдиришкендей, президент Садыр Жапаровдун чечими менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт.
Маалыматка ылайык, айлык акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге тиешелүү болот.
Коомчулукка тарап жаткан, айрым гана (STEM) предметтердин мугалимдеринин айлыгы көтөрүлүп, тарых, кыргыз тили же география мугалимдериники жогорулабайт деген маалыматтар - жалган. Ошондой эле бул предметтердин сааттары кыскарат деген маалыматтар да чындыкка дал келбейт.
Белгиленгендей, өлкө башчысынын мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу чечими педагогдордун статусун көтөрүүгө жана алардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун баалоого багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.