16-сентябрда Бишкекте өткөн «Финансылык инклюзиянын куралы катары эл аралык төлөмдөрдөгү жана акча которуулардагы инновациялар» аттуу эл аралык форумда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Европа биримдигинин, эл аралык финансылык уюмдардын, Visa компаниясынын, Кыргызстандын банк коомчулугунун жана төлөм индустриясынын өкүлдөрү технологиялар эл аралык төлөмдөрдү жана акча которууларды кандайча өзгөртө аларын талкуулашты.
Иш-чараны Кыргызстан атынан Global Alliance for Banking on Values (GABV ) уюмунун жалгыз өкүлү болгон - «Компаньон Банкы» уюштурду.
Форумду ачып жатып,«Компаньон Банк» башкармалыгынын төрайымы Маргарита Черикбаева бүгүнкү күндө эл аралык төлөмдөр маселеси технологиянын өзүнөн алда канча кеңири экенин белгиледи.
Анын айтымында, финансылык жана төлөм уюмдарынын негизги милдети адамдардын жана бизнестин заманбап финансылык инструменттерге тез жана коопсуз жетүүсүн камсыз кылуу. Ошондуктан эл аралык төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү финансылык инклюзия менен түздөн-түз байланыштуу.
«Биз технологиялардын өзүн гана талкуулап жаткан жокпуз, алар банк коомчулугу жана банктык кызматтарды керектөөчүлөр үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтып жатабыз», - деп баса белгиледи Маргарита Черикбаева.

Кыргызстандагы чечимдер үчүн эл аралык тажрыйба
Форумда эксперттер эл аралык тажрыйбага өзгөчө көңүл бурушту. Эске салсак, «Компаньон Банкы» 2023-жылдан бери туруктуу, жоопкерчиликтүү жана инклюзивдүү банк ишинин принциптерин карманган банктардын эл аралык альянсы - Global Alliance for Banking on Values уюмунун мүчөсү болуп саналат. Ал 45 өлкөдөгү 78 банкты жана финансылык уюмду бириктирет.
Маргарита Черикбаева альянска катышуу ар кайсы өлкөлөрдүн банктарына финансылык секторду өнүктүрүүнүн глобалдык тенденцияларын талкуулоого жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
«Бүгүн форумда чет өлкөлүк эксперттер менен Кыргызстан үчүн да, бүтүндөй Борбор Азия үчүн да актуалдуу болгон теманы талкуулап жатабыз. Чек ара аралык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн көнүмүш механизмдери кошумча чектөөлөргө туш болушу мүмкүн болгон азыркы шартта эл аралык тажрыйба өзгөчө маанилүү. Мындай кырдаалда финансылык сектор альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип издеп, жаңы каналдарды жана инструменттерди түзүү үчүн технологияларды колдонушу керек», - деди ал.
Мында кардарлардын эл аралык төлөмдөргө жана акча которууларга жеткиликтүүлүгүн сактоо менен бирге мындай операциялардын ар кандай тобокелдиктерден коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө сөз болуп жатат.

Технологиялар мүмкүнчүлүктөрдү ачышы керек
Учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн «Финансылык инклюзиянын куралы катары эл аралык төлөмдөрдөгү жана акча которуулардагы инновациялар» аттуу панелдик талкууга «Компаньон Банк» башкармалыгынын төрайымы, ошондой эле GABV Директорлор кеңешинин мүчөсү Маргарита Черикбаева, ICB Tajikistan компаниясынын бизнести өнүктүрүү жана коммуникациялар боюнча директору Бекжан Холикназаров, IFAD уюмунун Борбор Азиядагы REMIT PRIME программасынын аймактык координатору Павел Шуст, Visa компаниясынын КМШ жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү Visa Direct багытынын улук директору жана жетекчиси Александр Стельмах, ошондой эле «Банктар аралык процессинг борборунун» башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков чакырылды. Спикерлердин мындай курамы талкуунун бир өлкөнүн жана бир банк рыногунун алкагынан чыгышына шарт түздү.
Талкуунун чордонунда акча которуу технологиясынын өзү эмес, анын адамдардын жашоосуна жана бизнестин ишине тийгизген практикалык таасири турду. Ошондой эле финансылык уюмдардын ар кайсы өлкөлөрдүн жөнгө салуучулары менен өз ара аракеттенүүсү маселеси көтөрүлдү.
Форумда айтылган негизги ой эл аралык төлөмдөрдүн келечеги жаңы технологиялардын пайда болушу менен гана эмес, алардын канчалык жеткиликтүү экендиги жана конкреттүү адамдар менен бизнес үчүн финансылык кызматтарды коопсуз жана ыңгайлуу кылууга канчалык шарт түзөрү менен аныкталарына байланыштуу болду.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.