Курс USD 87.31 / 87.79
Курс EUR 101.49 / 102.49
Курс RUB 1.096 / 1.130
Курс KZT 0.146 / 0.178
USD USD
87.31 / 87.79
EUR EUR
101.49 / 102.49
RUB RUB
1.096 / 1.130
KZT KZT
0.146 / 0.178

Дана Сайфуллина: «Ар бир коллекциялык тыйындын дизайнынын өз кардарлары бар»

КРнын Улуттук банкынын өкүлү Дана Сайфуллина «Золотой червонец» журналынын вебинарына катышып, эстелик тыйындардын ийгилигине дизайн кандай таасир тийгизерин айтып берди. Ага «Гознак» ААКнын, Казакстандын, Беларустун жана Армениянын улуттук банктарынын кызматкерлери жана тыйын рыногунун эксперттери катышты.
Дана Сайфуллина: «Ар бир коллекциялык тыйындын дизайнынын өз кардарлары бар»

Бул тууралуу «Золотой червонец» басылмасы маалымдады. 

Вебинар «Маркетинг искусствосу:эң «жаманынан» эң «сонунуна» чейин бардык тыйындарды кантип сатса болот?» деген темада өттү.

Дана Сайфуллина эстелик тыйындардын дизайны – бул субъективдүү тема экенин белгилеп, анын «ийгиликтүүлүк деңгээлин» баалоо оңой эместигин айтты. Анын пикиринде, мындай учурда «сатып алуучулардын арасында суроо-талап аз болгон дизайн» деген түшүнүк туурараак болот.

«Бизде айрым коллекциялык тыйындар бар, алар узак убакытта сатылып бүтөт. Айтылгандай, ар бир дизайнга өзүнүн кардары табылат. Албетте, рыноктогу ийгилик дизайнга жараша болот, анда дизайнга камтылган маани, андагы чагылдырылган окуя, көркөм аткаруу жана эскизди ишке ашырууга жардам берген технологиялар менен камсыздалат », – деп билдирди Дана Сайфуллина.

Анын айтымында, эгерде тыйындар белгилүү бир окуяларга арналса, анда дизайн ар дайым биринчи орунда боло бербейт. Окуянын маанилүүлүгүн эске алуу менен мындай тыйындарга чоң суроо-талап жаралат.

«Улуттук банктын тажрыйбасында кагаздагы эскизи анча таасирдүү эмес дизайндар, заманбап технологиялардын жана сапаттуу басуусунун арты менен кооз болуп чыгып, жөнөкөй сатып алуучулардын жана нумизматиктердин арасында белгилүү болуп кеткен учурлар да кездешкен”, – деп белгиледи ал.

Тыйындардын тематикасы эгер ал белгилүү бир сериянын алкагында чыкса, кеңири аудиториянын көңүлүн бура алат. Коллекционерлер өз топтомун жаңы чыгарылган тыйын менен толуктоону каалашат.

«Кыргызстандын нумизматика рыногу өзүнүн өнүгүү этаптарынан өтүп, өлкөнүн чегинен сырткары да таанылып калды. Нумизматика рыногунун эң натыйжалуу жана динамикалуу өнүгүүсү Улуттук банктын жалпы стратегиясына ылайык ырааттуу жана комплекстүү мамиле жасалганда мүмкүн болот. Кыргызстандагы эң алгачкы коллекциялык тыйындар 100 сом номиналындагы алтын «Манас» тыйыны жана 10 сомдук күмүш «Манас» тыйыны болгон. Бул тыйындар 1995-жылдын 11-августунда чыккан», – деп кошумчалады Дана Сайфуллина.

Анын айтымында, Улуттук банктын негизги максаты — эстелик  тыйындарды чыгарууда республиканын тарыхын жана маданиятын чагылдыруу. Алардын дизайнын иштеп чыгуу үчүн Улуттук банк сынак жарыялайт, ага каалаган жарандар катыша алат. Тандалып алынган вариант талкууланып, андан кийин иштелип чыгат.

«Маркетинг стратегиясына көбүнчө дизайн эмес, тематика көбүрөөк таасир этет. Улуттук банк тыйындарын стандарттуу схема боюнча таанытат: расмий басылмаларга жана социалдык тармактарга жарыялоо аркылуу. Эгерде чыгарылыш чоң окуяга арналган болсо, кошумча маркетинг иш-чаралары өткөрүлөт. Мисалы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган тыйын боюнча Улуттук банк видеоролик тартып, пресс-конференция уюштурган»,, – деп сөзүн жыйынтыктады Дана Сайфуллина.

Сүрөт: КРнын Улуттук Банкы

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.