Жаңы үч банк азырынча Улуттук банкка лицензия үчүн кайрылыша элек

КРнын Улуттук банкы Banks.kg порталына төрт жаңы банктын лицензиялык статусу жөнүндө кошумча маалымат берди, алар - «Берекет Банк» ЖАК, «Кылым Банк» ААК, «Мурас Банк» ЖАК жана «Асман Банк» ЖАК.

Жаңы үч банк азырынча Улуттук банкка лицензия үчүн кайрылыша элек
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук жана (же) чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн «Асман Банк» ЖАКтын арызы каралууда.

Белгиленгендей, Улуттук банк лицензияны берүү арызын кошумча талаптарга жооп берген документтерди алган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

«Асман Банк» ЖАКсы тарабынан кошумча документтер күтүлүп жатат.

Ал эми «Берекет Банк» ЖАК, «Кылым Банк» ААК жана «Мурас Банк» ЖАК мекемелеринин улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада операция жүргүзүү укугун берген лицензия алуу үчүн Улуттук банкка арыздары келип түшкөн эмес.

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23/1-(ЧУА) токтому менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 49-пунктуна ылайык, уруксаттын мөөнөтү алты айга жарактуу. Бул мөөнөт ичинде уюштуруучулар өздөрү түзгөн банкты юридикалык жак катары мамлекетке каттатып, лицензия алуу үчүн Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.