Маалыматка ылайык, Ц.Д.В. аттуу жеке жактоочу белгисиз адамдардын жардамы менен объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген.
Икерлерге ИИМ, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутуулар айтылып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.
Шектүү 15-май күнү талап кылынган 15 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап талап кылуу» беренеси менен иш козголгон.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.