Улуттук статистикалык комитеттин отчётуна ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө туризм тармагында каттоодон өткөн 143, 9 субъекти бар, туризм тармагында иштеген— мейманканалар жана тойканалардан тарта транспорттук компанияларга, жаратылыш парктарына жана туристтик агенттиктерге чейин.
Бизнестин багыт алышы
Рыноктун катышуучуларынын эң көп саны Бишкек шаарында жайгашкан — 32, 3 миң субъект, же жалпы сандын 22,5%ы. Ош облусунда 20, 6 миң, Чүй облусунда - 18, 2 миң, Ош шаарында - 19, 3 миң катышуучу катталган.
Көпчүлүгү жеке ишкерлер - (87,6%).
Туристтер жана эс алуу
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 646 объект туристтерге кызмат көрсөткөн:
- 347 мейманкана,
- 91 санатория жана пансионат,
- 10 корук жана улуттук парктар,
- 90 тур фирмалары.
Жамааттык жайларда 459,1 миң адам жайгаштырылып, былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 40%га өскөн.
Экономикалык эффект
Тармактын дүң кошумча наркы 30,2 млрд сомду же ИДПнын 4,3%ын түздү (бир жыл мурун - 3,9%).
Туристтик объектилерди курууга жумшалган инвестиция 2,5 эсе көбөйдү жана 11,3 миллиард сомго жетти.
Инвестициялардын жалпы көлөмүндө туризм үлүшү - 9,7%ды түзөт.
Кызмат көрсөтүү
- Туристтик жана экскурсиялык кызмат көрсөтүүлөр — 2,7 млрд сом (+31,7%).
- Саноториялык-курорттук кызматтар — 634,3 млн сом (+38,7%).
- Мейманкана кызматтары — 2,8 млрд сом (+50,5%).
- Ресторан бизнеси — 8 млрд сом (+27,3%).
- Туристтик транспорттун кирешеси — 5,7 млрд сом (+5,2%).
Сырткы рынок
Кыргызстан чет элдик туристтерди өзүнө тарткан өлкө болуп калды:
- Туристтик кызматтын экспорту (келгендерден түшкөн киреше) — $529,5 млн (+10,3%).
- Импорт (кыргыз жарандарынын чет өлкөдөгү чыгашалары) — $283,9 млн (+1,3%).
Туризмди камсыздандыруу
Биринчи жарым жылдыкта 42,8 миң камсыздандыруу келишими түзүлүп (+13,3%), алар боюнча төлөмдөр 9,7 млн сомду түздү.
2025-жылы Кыргызстанда туризм өсүүдө: туристтердин агымы көбөйүүдө, инфраструктурага инвестиция көбөйүүдө, туризм экспорту жарым миллиард доллардан ашты. Бул өлкөнүн экономикасы үчүн тармактын стратегиялык маанисин тастыктайт.