Сом менен гана соодалашуу: товардык биржалар жөнүндө мыйзам эмнени өзгөртөт

Жогорку Кеңештин кароосуна «Товардык биржалар жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталды. Ал товардык биржа системасын модернизациялоого, сооданы электрондук форматка өткөрүүгө жана бирдиктүү, жөнгө салынуучу рынок инфраструктурасын түзүүгө багытталган.

Сом менен гана соодалашуу: товардык биржалар жөнүндө мыйзам эмнени өзгөртөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул мыйзам товардык биржалардын ишинин процессинде жана биржалык сооданы жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, товардык биржалардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо тартибин белгилейт. Өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ болгон «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагында жайгашкан товардык биржаларга карата бул мыйзамдын талаптары колдонулбайт.

Электрондук соода жана бирдиктүү реестр

Мыйзам долбоорунда товардык биржа акционердик коом катары иштеп, сооданы электрондук соода системасы аркылуу электрондук түрдө жүргүзүүсү керектиги белгиленген. Биржа универсалдуу гана болушу мүмкүн - соодага товарлардын ар кандай түрлөрү кирет.

Ошондой эле рынокто товардык биржалардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү талап кылынат. Биржаны реестрге киргизүү же алып салуу жөнүндө чечимди министрлер кабинети тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат.

Финансылык туруктуулук жана чектөөлөр

Биржанын уставдык капиталын улуттук валютада жана негиздөөчүлөрдүн  каражаттарынын эсебинен түзүү сунушталууда. Товардык биржалар жана сооданын катышуучулары финансылык туруктуулуктун стандарттарына жооп бериши керек - минималдуу чектер министрлер кабинети тарабынан белгиленет.

Кызыкчылыктар кагылышын болтурбоо максатында чектөөлөр киргизилүүдө: биржа кызматкерлерине бир эле учурда биржа мүчөлөрү үчүн иштөөгө, биржа операцияларына катышууга жана коммерциялык маалыматты жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

Биржалык бүтүм, товарлар жана эсептешүүлөр

Биржалык товарлар менен болгон бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Товардык биржада спот-товарлар менен бүтүмдөр, фьючерстик жана опциондук бүтүмдөр жасалат. 

Айрым биржалык товарлар үчүн товардык биржалар аркылуу милдеттүү түрдө сатылууга тийиш болгон минималдуу үлүш белгиленет.

Товардык биржалар биржалык товарларга котировкаларды өздөрүнүн интернет-ресурсуна жайгаштырат.

Кепилдик фонду 

Биржада түзүлгөн бүтүмдөрдүн аткарылышын камсыз кылуу максатында товардык биржа кепилдик фондун түзөт. Биржалык бүтүмдөр боюнча клирингдик ишти түздөн-түз товардык биржа өзү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында иштеген товардык биржанын клирингдик борбору жүргүзө алат.

Биржа аркылуу мамлекеттик сатып алуулар

Документте товардык биржада мамлекеттик сатып алуулар кош кайчылаш аукцион режиминде өткөрүлөрү жазылат. Мындай  сатып алуу тартибин министрлер кабинети бектитет. 

Отчеттуулук жана жетекчиликке болгон талаптар

Товардык биржа Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн жылдык жана кварталдык финансылык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. 

Биржа кызматкерлерине иш тажрыйбасы боюнча талаптар, соттуулугу тууралуу жана каржы тармагындагы мыйзам бузууларга байланыштуу чектөөлөр коюлат.

Күчүнө кирүү мөөнөтү 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүсү сунушталууда. Ошону менен бирге 1992-2024-жылдар аралыгында кабыл алынган товардык биржалар жана биржалык соода жөнүндө мурдагы мыйзамдарды жокко чыгаруу каралууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.